Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков төрагалык кызматка отургандан бери түрдүү жоруктардын коштоосунда келет.
ЖКнын бийик трибунасында
жаңылыш сүйлөгөн сөздөрү, чет өлкөгө сапарлары, ат миниши, берген маектери кыскасы сөз көп.
Ошого жараша бир катар ылакаптарга кабылып жүрөт.
Ал тургай түркүн жаңыча ысымдарга да ээ болууда.
Эми дагы бир жаңы жоругу бир келин уулдуу болуп, ысмын Дастан деп койгон экен сүйүнүчү койнуна батпай ээрип кеткен спикер сүйүнчүсүнө шыр эле элүү миң сом сунуп жибериптир.
Ал келин да кыйын экен балким уулунун атын адабий эргүү менен Дастан деп коюуп алып, бирок спикерге кезиге салып, сиздин атыңызга койдум дей салдыбы, айтор элүү миңге ээ болуп калды.
Анткен менен Дастакеңдин берешендиги “Кыргызстан” партиясын белге тепкени туру.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жумабековдун жоругун добуш сатып алууга туура келет деп атайын отурумда карамакчы болууда.
Деги жөн жүрбөгөн Дастандын “дастандары” бүтпөс болдуго.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.