Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги отурумдарынын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков Казакстандын парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашты.

Алгач Жогорку Кенештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Дарига Назарбаеваны Сенаттын Төрайымы болуп шайланышы менен куттуктап, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады. Ошону менен Кыргызстан менен Казакстандын парламенттеринин ортосундагы парламенттер аралык Кеңештин ишин жандандыруунун зарылдыгы айтылды.

Казакстан парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаева парламенттер аралык карым-катнашты жакшыртуу, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы ойлорун ортого салды. Эки өлкө ортосунда туризмди өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо  жаатында да пикирин билдирди.

Андан тышкары, жолугушууда  тараптар айрым учурда кыргыз-казак чек арасында жаралып жаткан кырдаал боюнча  да баарлашып, эки өлкөнүн ортосундагы бардык маселелер сүйлөшүү жолу менен чечилиши керектиги айтылды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз