Биринчиден, журналисттердин коопсуздугун камсыз кылыш керек. Анткени бул иликтөө өтө олуттуу болду. Экинчиден, Башкы прокуратуранын, Финансы полициясынын, Финчалгын кызматынын, УКМКнын жана бажынын жетекчилерин кызматтан кетириш керек. Алардын ордуна коомчулук ишеним арткан кишилерди алып келиш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу “Азаттык” радиосунун «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөөсү коомчулукка жарыялангандан кийин билдирди.

Депутат Дастан Бекешев: “Жаңы адамдар келгенден кийин биз аларга расмий иликтөө жүргүзүү тууралуу талап коёбуз. Эми кылмыш иштерин козгоп, бардыгын далилдеп, керек болсо соттош керек. Биз, депутаттар өкмөттү кызматтан кетиришибиз керек. Анткени өкмөткө болгон ишеним жоголду. Алар эми эч нерсе кыла албайт”,-деди.

Эске сала кетсек, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыялаган.  Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.