Бул окуя эки жыл мурда соцтармак колдонуучулардын жүрөгүн элжиретип, көздөрүнө жаш алдырган. Украинанын Черкасс аймагында жашаган төрт жаштагы Андрей аттуу бала өзүнүн дарылануусуна каражат табуу үчүн кар киши өндүү оюнчуктарды жасай баштаган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга анын апасы Алена Семилет айтып берген.

Кичинекей наристе  ак кан (лейкемия) дартына чалдыккан. Айыктыруу  үчүн башка өлкөгө баруу керектелген.  Бир эле дарылануу этабы 35 миң $ды чапчып, үй-бүлө үчүн ануу табуу оор болгон.

Жаңы жылга бир нече жума калганда Алена уулуна байпак, боек сыяктуу нерселерди алып келген. Ал уулунун бир нерселер менен алек болуусун каалаган.  Биринчи кар кишини апасы, чоң энеси экөөсү жасап, Андрей аны боеп чыккан.

Бир нече күндөн кийин наристенин апасы кайрымдуулук фонддорго, телеканалдарга уулу тууралуу айтып, кайрылган. Бирок мындай чоң суммадагы каражатты топтоо оңойго турбаган.  Акыры сүйлөшүп оюнчук кар кишилерди сата башташкан.

“Мен Украинадагы батирибизди сатууга баргам. Ошол учурда мага банктан билдирүүлөр келе баштады, акча түшүп жатат деген. Акча которулуулар бир канча чет өлкөлөрдөн болду”, – дейт Алина Семилет.

Израилдик Фейсбук колдонуучусу Светлана Кацуба аттуу аял өздүк баракчасына бейтап бала тууралуу жазган. Ооруулу бала өз өмүрү үчун оюнчук жасап сатып, аракет кылууда деген.  Соцтармак колдонуучулары көзгө жаш алып, эр жүрөк кичинекей наристеге алкыш менен акчаларын жөнөтүшкөн.

Болгону беш күндө керектүү сумма чогулган. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунан кар киши сатып алууга кардарлар чыга баштаган.

Учурда Андрей даарылануу жолдорун басып өтүп, сак саламат жүрөт. Азырынча балабакчага барууга уруксат бериле элек.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз