Қытайда хирург операция жасап жатып көзү илинип кеткен. Бирок уктап кеткен дарыгердин сүрөтү соцтармактар колдоонуучулары анын жумушуна түшүнүү менен карап, алкоолорун айткандар көп, деп жазды Daily Mail басылмасы.

Гуйян калаасынын ооруканасында иштеген дарыгер Луо Шанпенг 20 саат бою тынбай иштеген. Колун эт туурагычка байкоосуздан салып алган бейтап оор абалда келгенде, алтынчы жолу операция кабыл алууга бел байлаган.

Ал учурда хирург катуу чарчап, уйкусу абдан келип жатканын айткан.  Бир аз  тыныгуу үчүн көзүн жумган дарыгер уктап кеткен. Мээрман айым анын ошол учурун сүрөткө алууга жетишкен. Соцтармактарга жайылып кеткен сүрөткө ыраазы болуп пикир калтырган колдонуучулар абдан көп.

“ Оорулуу эгер операция кылбасам колунан айрылып калуусу мүмкүн эле. Айласыздан алууга туура келди. Көзүм илинип кеткенге чейин бейтаптын колун тигип бүткөн элем.  Кан айлануусун бир калыпка келтирүү үчүн колун кармап турган учурда уктап кетипмин”,- деп билдирген Луо.

 

 

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.