Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн маалымат жыйында бир топ чуулгандуу  меселелерди ачыктады. Алардын бири  учурда коомчулуктун көңүлүн буруп жаткан Түркия жетекчилиги тарабынан “Гуленчилер” деген 130 кишинин тизмесинин кыргыз бийлигине берилгендиги тууралуу үн катты.

Дамир Сагынбаев: “Сагынбаев 130 кишиден турган тизме кимдир бирөө тарабынан ойлонуп табылган жана өлкө ичинде резонанс жаратуу үчүн таркатылган маалымат. Дагы бир жолу белгилей кетейин, 130 кишинин тизмесин же башка бир тизмени түрк тарап кыргыз тарапка берген жок”, -деди.

Экинчиси президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен мамлекеттик кызматкерлердин мүлкү тууралуу декларациянын текшерилип жаткандыгына токтолду.

Дамир Сагынбаев: “Учурда 48 миңден ашык декларация текшерилип жатат. Анын ичинен 833 декларация саясий жана жогорку кызматты ээлеген адамдардыкы. Арасында 50дөн ашык аткаминердин киреше-чыгашасынан күмөндүү жагдайлар бар”-деди.

Кирешеси менен чыгашасында чоң айырма чыккан чиновниктердин документтери прокуратурага өткөрүлүп, аларга юридикалык баа берилет.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.