Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин  мурдагы жан сакчысы Дамир Мусакеевди кечээ Аскер прокуратурасы чакырып суракка  алган. Бирок, ал жактоочусу жок болгондуктан жооп бербей турганын билдирген. Андан соң Аскер прокуратурасы кийинки сот качан, каерде болоору тууралуу бүгүн кабарлашаарын айткан.

Эскерте кетсек, буга чейин Дамир Мусакеевге УКМК «Мыйзамсыз баюу», кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен кылмыш иши козголгон.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.