Таажылуу вируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 19-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын жана Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тургундары болчу. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1217 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 422 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда. Оору жуккандардын жалпы саны 68 316 кишиге жетти. Бир күндө 516 адам айыгып чыкты. Таажылуу вирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3776 адамга жетти, алардын 3521и сакайды. Соңку күндө бул оору 12 дарыгерден табылды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.