Буга чейин Telegra.ph ачык платформасында Дача СУ боюнча документтер экс- президент тарабынан жок кылынгандыгын мурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди, деген маалымат жарыяланган болчу. Бул билдирүү бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттарды бир топ чууга салды.

Башкы прокурор Ө. Жамшитов ал маалымат боюнча жаңы кабардар болгонун маалымдады. Ө.Жамшитов: “Бул маалыматты тактайбыз. Тийешелүү адамдарды чакырып тактайбыз. Анан коомчулукка маалымат беребиз”,-деди.

Ал эми Индира Жолдубаева ал маалымат боюнча билдирүү таратты. Анда: «Бул боюнча бир гана нерсе айта алам. Мен эч кандай комментарий берген эмесмин. Жана бул иш боюнча эч кандай түшүндүрмө бере албайм. Бардык расмий маалыматтар укук коргоо органдарында сакталууда. Мен билгенден тергөөгө эч ким эч кандай жол менен басым жасаган эмес, документтерди жок кылышкан эмес, прокуратурага эч кандай көрсөтмө берилген эмес», -деп айтылат.

Депутат Жанар Акаев Telegra.ph ачык платформасына ар ким каалаганын жаза берээрин, ага ишенүүнүн кереги жок экенине токтолуп, кыргызстандыктарды аталган сайтка ишенбөөгө чакырды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз