Интернет айдыңында Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасындагы мектепти элестеткен билим уясынын сүрөтү талкууга түштү. Кийин маалым болгондой, аталган агартуу жайы Араван районундагы Күндөлүк айылында  экендиги белгилүү болду.

Бул жайда учурда 1-класстан 4-класска чейинки 12 окуучу билим алат. Мектеп менен кошо дааратканасы да кейиштүү абалда экенин айткан колдонуучулар сүрөттөр менен бөлүштү. Андан үстү тосулбаган, жыгачтары чирип кеткен ажатканы көрүүгө болот.

(Сүрөттөр интернеттен алынды)

Араван районунун акиминин орун басары Музафар Мамасаидов:

«Аким учурда интернетте талкууланып жаткан Күндөлүк айылына кетти. Мектептин абалын жана даараткананы жеринен көрүп келет», – деп жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз