Акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө таажылуу вируска чалдыккан адамдардын расмий саны 17 миллионго жакындаган.

Вирустун кесепетинен каза болгондордун саны 700 миң кишиге чукулдады.

Илдеттен сакайгандардын саны 10 миллиондон ашты.

Албетте бул расмий сандар.

Ал эми бей расмий сандар мындан алда канча көп экендиги айтылууда.

Маселен Иранда вирус жуктургандардын расмий эсеби 300 миң болсо, Ирандын президенти Хасан Рохони өз өлкөсүндө вирус жуктургандардын саны 25 миллионго жеткенин айтты.

Эми элестете бериңиз бир эле Иранда ушунча болсо дүйнөдө канча?

Демек жер шаарында жүздөгөн миллион адамдар вирус жуктурган деп айтууга болот.

Ошондой эле вирустан каза болгондордун саны да кыйла жогору экендиги көрүнүп турат.

Испанияда эле кадыр-барктуу басылмалардын бири өлкөнүн расмий булактары каза болгондордун саны 28 400 дегени менен чындыгында мындан 60 пайыз көп киши өлгөндүгүн жазды.

Жалпылап айтканда дээрлик баардык өлкөлөрдө ооруу жуктургандар менен оруудан каза болгондордун санында чыныгы айырмачылык алда канча жогору.

Биздин эле Кыргызстанда расмий билдирүүлөр боюнча 34 миңдин тегерегинде ооруу жуктурган болсо чыныгы көрүнүш такыр башкача.

Анткени баш калаабыз Бишкекте эле ар бир төртүнчү киши ооруп жатат.

Ооруканаларга кайрылбай өз алдынча дарылангандар огеле көп болууда.

Аймактарда болсо көпчүлүк бейтаптар ооруканаларга кайрылбай дарыланышы биздин менталитетибизге жат көрүнүш эмес.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.