Күчтүү адамдар суунун агымына каршы сүзө алат. Ал эми агым менен кошулуп агып кете берүү өлүү балыктын, же кесилген дөңгөчтүн да колунан келет. Жашоо – шар аккан дарыя сыяктуу. Кимдир бирөө сынат, жыгылат, жаңылат, кулайт. Кээ бирлер кулаган бойдон калса, айрымдары кайра күчтөнүп, толкунга каршы багыт алат. Алардын бири -биздин каарманыбыз, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Уланбек Касымбеков.

Чемпион өткөн жылы машыгуудан алган жаракатынан улам көзүнүн чел кабыгы жарылып, спорттон кетүүгө аргасыз болгон. Казакстандын Алмата шаарында көзүнө операция жасаткан. Бирок, кайра текшерткенде көзүнүн майда чел кабыктары кыскарып, кайрадан операция жасатууга туура келген. Кийин Москва шаарындагы дарыгерлер менен сүйлөшкөндө, операцияга 3 миң доллар акча керектелээри анык болгон. 

Спортчуларга мамлекет тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлбөйт. Буга бир мисал, Уланбек Касымбеков оор кырдаалга туш болгондо спорт агенттиги мурдагы спортчу деп көңүл бурбай койгон.  

“Бул нерселер менин кайрадан спортко кайтып келишиме чоң түрткү болду”, – дейт дүйнө чемпиону.  

Уланбек Касымбековдун айтымында, операцияга демөөрчүлөрдү табууга “NewTV” каналынын ал тууралуу тарткан сюжетти чоң салым кошкон.  

Спорчунун кайрадан рингге кайтып келишине айрым гана адамдар ишеним көрсөткөн. Алардын бири – Азия чемпиону Адилет Бекжан уулу. Айтымында, спортчуларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүшү зарыл. “Биринчи кезекте ден соолук болгондон кийин дарыгерлер убагында спортчуларды карап, витаминдерди берип турса, мындай көрүнүштөр аз болоор эле”, – дейт Адилет Бекжан уулу.  


Дүйнө чемпиону
1990-жылы 26-августта Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган. Ал спорттон тышкары чыгармачылык менен да алектенет. Жаштар арасында “Кыргызстан”, “Жерим Кыргызстан” жана “Алга Кыргызстан” аттууырлары менен белгилүү. 

 Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз