Кыргызстанда 21-апрелге карата дагы төрт бейтап таажылуу вирустан көз жумду. Илдет соңку бир суткада дагы 306 адамдан аныкталды. Мурда ооругандардын 161и сакайды. COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдан кабарлашкандай, көз жумгандардын экөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда.

Акыркы суткада Бишкек шаарында 203, Чүй облусунда 52, Ысык-Көл облусунда 16, Ош облусунда 11, Жалал-Абад облусунда 10, Ош шаарында 5, Нарын облусунда 4, Баткен облусунда 4, Талас облусунда илдет жуккан 1 учур катталды.

Ушуну менен өлкөдө бул ооруга кабылгандардын расмий саны 92 626 адамга жетти. Алардын 87 390у айыгып, 1561 бейтап ажал тапты. Оору менен күрөшүү учурунда таажылуу вирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны төрт жарым миңге чамалайт. Алардын жүздөн ашууну каза болду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.