Өткөн суткада таажылуу вирустан Кыргызстан боюнча эки адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. Көз жумгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталууда. “Бишкек шаарынан бир, Баткен облусунан бир бейтап оору менен алышып жатып каза болду”, – деп айтылат маалыматта. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1195 адам таажылуу вирусту жеңе албай, өмүр менен кош айтышты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.