Таажылуу вируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 17-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19дан жана пневмониядан баш калаа Бишкекте эки адам каза болду​. Республика боюнча 55 кишиге вирус жукканы маалым болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган былтыркы март айынан бери илдеттин курмандыктары 1446 кишиге жетти.

Ушуну менен инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 619 адам болду. Андан айыгып чыккандардын саны – 82 452. Азыркы тапта ооруканада 410 бейтап дарыланууда, алардын 123ү оор, 22си өтө оор абалда. Үйүнөн 371 бейтап дарыланып жатат.

17-февралда медицина кызматкерине таажылуу вирус жуккан бир учур катталды. Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4197, алардын ичинен 4126сы айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.