Акыркы суткада Кыргызстанда таажылуу вирус 100 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Таажылуу вируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 87 858ге жетти, каза болгондор – 1494 адам. Бир күндө 62 бейтап айыгып чыкты.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.