Таажылуу вируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 19-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан үч адам каза болду​. 83 кишиге вирус жуккан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча таажылуу вирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттен 1448 адам каза тапты.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 772 адамга жетти. Андан айыгып чыккандардын саны – 82 583. Ооруканада вирустан 411 бейтап дарыланууда, алардын 115и оор, он жетиси өтө оор абалда. Үйүнөн 386 бейтап дарыланып жатат. 19-февралда медицина кызматкерине вирус жуккан учур катталган жок.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.