Кыргызстанда дагы 388 кишиден таажылуу вирус аныкталып, 196 бейтап айыгып чыкканын Республикалык штаб кабарлады. Вирус жуктуруп алгандардын арасында 32 медицина кызматкери бар. Ушуну менен пандемия башталгандан тарта вирус жуктуруп алгандардын саны 50 589 болду. Анын 45 080и айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Кечээтен бери оорудан беш кишинин көз жумганы белгилүү болуп, каза тапкандардын жалпы саны 1099га жетти. Ушу тапта ооруканаларда 2 092 бейтап жатса, 1 847 киши амбулатордук дарылоодон өттүдө.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.