Таажылуу вируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 1-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Бишкек шаарындагы ооруканада жаткан. Жалпысынан өлкөдө бул илдеттен каза болгондор 1500 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 164 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда. Ооруканада жаткандардын 4,7% абалы өтө оор деп мүнөздөлүп жатат. Үч күн мурда бул көрсөткүч 3,5% болчу.

Азыр ооруканаларда 504 бейтап жатат, алардын экөөнүн гана абалы канааттандырарлык. Калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп үч түрдүү баалап жатышат. 100 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 менен ооруканада жаткандардын 19,8% түзүүдө.

Өтө оор абалдагылар – 24 адам. Мындан тышкары, 378 бейтаптын абалын дарыгерлер орточо оордукта деп мүнөздөп жатышат. Алар ооруканада жаткандардын 75 пайызын түзөт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.