Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы жети адамдын өмүрүн кыйды. Алардын төртөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда. Таажылуу вируска каршы республикалык штабдан кабарлашкандай, 23-апрелге карата дагы 272 адамдан бул оору аныкталды.

Алардын теңинен көбү борбор калаада. Мурда ооругандардан 163 киши сакайды. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 278 кишиге жукту. Анын 87 717си айыгып, вирустан жалпы 1573 адам кайтыш болду.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын “SinoPharm” вакцинасы менен башталган. 23-апрелге карата 14 861 адам эмделди. Бир күн мурун “Спутник V” вакцинасынын 20 мин дозасы келген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.