Таажылуу вируска каршы республикалык ыкчам штабдын 16-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада инфекциядан 3 адам көз жумду. Соңку бир суткада вирус дагы 95 адамдан табылды.

Бишкекте 57, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 23, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 8, Жалал-Абад облусунда 4 учур катталды. Ал эми Баткен, Ош жана Талас облустарында вирус жуктургандар жок.

Кыргызстанда таажылуу вирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери вирус жуктургандардын жалпы саны – 177 484 болду. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны – 171 902.

Каза тапкандардын жалпы саны 2581 кишиге жетти.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.