Таажылуу вируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 16-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, экөө Талас облусунун тургуну болчу. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1203 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 479 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында. Оору жуккандардын жалпы саны 66 983 кишиге жетти. Бир күндө 439 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3279 адам жатат, дагы 4043 бейтап үйдөн дарыланууда. Таажылуу вирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3735 адамга жетти, алардын 3499у айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 20 дарыгерден табылды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.