Таажылуу вируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Бишкектеги, экинчиси Нарындагы ооруканада жатышкан. Жалпысынан өлкөдө таажылуу вирустан каза болгондор 1584 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 199 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 94 030 адамга жетти. Бир күндө 146 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1449 адам жатат, дагы 1801 бейтап үйдөн дарыланууда.

Таажылуу вирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4,5 миңге жетти, алардын жүздөн ашууну каза болду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.