Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун сөөгү “Ала Арча” көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Ага ылайык, бүгүн 7-июлда “Ала Арча” көрүстөнүндө митинг-реквием уюштурулат.

“Учурда ага даярдыктар көрүлүп жатат. Чыныбай Турсунбековду акыркы сапарга узатуу үчүн мамлекеттик, коомдук ишмерлердин келиши күтүлүүдө. Депутаттын сөөгү сааат 14:00до жерге берилет” , – дейт Ибраим Нуракун уулу.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков кечээ 6-июлда пневмониядан улам каза болгон.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.