ЖКнын экс спикери, КСДП фракциясынын экс төрагасы Ч. Турсунбеков КСДП фракциясынын иш аракеттерине аралашпай калганын Ак үйдө журналисттерге өкмөттүн кетиши тууралуу маалымат берип жатып айтты.

Ал: “Мен акыркү күндөрү ден соолугумду карап, партиянын иштерине көптөн бери аралашпай калгам. Коалициялык көпчүлүк начар иштеп жатат. Өкмөтүн ишин бул учурга жеткирбесе болот эле. Алардын өз ыктыяры менен кетишине мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек болчу” – деди.  

Сыягы КСДПнын фракция депутаттарынын бир жума мурда С. Исаковдун отчетун колдоп, бүгүн башкача добуш беришкендерине ыңгайсыз болду окшойт. 

Чыныбай мырзанын КСДП партиясына көп жылдык жакшы эмгеги сиңгени маалым. Каражат жагынан жакшы эле каралашканынан улам аталган партия бүгүнкү деңгээлге жеткенинен шек санабай койсок да болот. Ошон үчүн ажолук орунга ат салышканын да жамы журт жакшы билет. Бирок, саясат дегениң ар кандай болуп кете берет тура. 

Назаркул Жоошбаев, саясат талдоочу, журналист

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.