Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, журналист Төлөн Насирдинов агай залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен учурунда бир нече ирет маектешкен. Ошол маектешүүлөрдүн учугун улай окурмандарга тартуулоону туура көрдүк. Окурмандар үчүн тарыхты эстөө, Айтматовдун ааламына кайтып баруу кызык болсо керек…

– Жалаң терең философияга кеттик.Окурмандарды кыйнайсың го минтип отурсаң.(Чыңгыз аке жумшак күлдү. Анан саал ойлоно түшүп сөзүн улады). Мага бирөө кат жазыптыр. Өзү учкуч. Адабиятчы. Баягы бир жылкы каты келгенде абдан кызыгып окуп, терең киши экенин сезгем. Жооп бергем. Анан унутуп калыптырмын. Эми 10-15 бет кат жазыптыр, ойлору абдан кызыктуу. Адабиятты улам татаалдаштыра берсек, каякка барабыз? Мен Кызыл жоолук жалжалымды эңсеп жүргөн кишимин. Ошон үчүн дагы кайрылам. Маркестин “Сто лет одиночество” дегени өтө мыкты жазылган. Бирок мен андан көрө “Робинзон Крузону”унутпайм. Мына ошондой однолинейный нерсе керек. Бардыгыбыз эле татаалдаштырып жаза берсек, адабият окулбай калышы мүмкүн”, дейт. Мен муну ал кишинин оюна толук кошулганымдан эмес, маселинин коюлушунан улам айтып жатам. Бул маселеде бир табышмак бар. Мен ойлонуп атам. Бир жагынан окурмандарым азайбаса экен, аларга кызыктуу нерсени жазып берсем дейм. Экинчи жагынан адабият дайыма кыймылда боло турган, өнүгө турган нерсе. Дагы бир жагы бар: жаңы ыкма, жаңы амал,  жаңы көз караш керек деп ойлойм.Окурмандарга аманчылык болсо, буйруса, дагы бир нерсе жазып берем.

  -Маркес демекчи.”Жүз жыл жалгыздыкта” сүрөттөө, кишинин жан дүйнөсүнө үңүлүү, жок го. Орошон окуялар бир эки сүйлөм менен баяндалып, маалыматтарды көнөктөтө бергенсийт…

-Мен дагы таң калып атам. Көбүнчө информация сыяктуу кетет. Ички сезим, психология почти жок. Бир барактын ичине 100 жылдык окуяларды шыкап коёт.

-Чыгармаларыңыздын келечектеги тагдыры…

-Ойлоном, албетте,ойлоном. Балдардын балдарына жетеби биздин китептер. Ошого кызыгуу болобу деген сыяктуу ойлор бар. Ойлонбой коюу мүмкүн эмес. Ойлобоско айла жок .Келечекти алдын ала кантип айтабыз, турмуш көрсөтө жатат да.

  -Компьютер, интернеттен улам китептин зарылдыгы жоголорун айтып жаткандардын оюна кошуласызбы?

-Мен ойлойм: китеп баары бир калат. Бир эле текстти компьютерден окуган башка да, китептен окуган башка таасир калтырат. Китепти өзүңүн затын катары колуңа кармап отуруп окуйсуң. А компьютердики жаркылдап кетет берет.

  -Александр Мень атындагы сыйлыкты алганда сүйлөгөн сөзүңүз “Независимая газетага” басылды. Ошондо жаңы 2 түшүнүк колдонуптурсуз. Бири “культура миролюбия”. Мындай сөздү, түшүнүктү мурда орус басма сөзүнөн , адабиятынан жолуктурбаган элем. Сиздин сөзүңүздөн бери колдонула баштады.

-Ал ЮНЕСКОнун демилгесинен улам жаралган сөз. Мурда адамдын оюна, аң-сезимине келбеген нерсе. Мунун өзүнүн философиясы бар. Мисал үчүн ушул күнгө чейин адам баласынын мыктылык, бийиктик жагын  эмне менен баалачы элек? Көбүнчө баатырлык жагынан.Тиги Москвада Жуковду килтейген атка мингизип коюптур. Бул эмненин эстелиги? Согуштун культу. Жуковдун мыкты кол башчы болгону чындык. Мен аны танып жатканым жок. Бирок адам баласы ушунтип жер талашып, суу талашып ,бирин бири кырып, зордоп, кордоп келе береби? Башка жол жокпу тарыхта? “Ата көрү, бул баатыр экен. Мынча кишини чапты” дей бербей, “Бул мынча кишиге жардам берди. Мынча кишини оорудан, өлүмдөн куткарды. Жакындап келаткан чоң чатакты токтотту”-деп, адам баласын ошого үйрөтүү ,тарбиялоо керек. Бул бир жагынан философиялык , бир жагынан психологиялык чоң маселе. ЮНЕСКО адам баласын туулгандан тартып жанагы мен айткандай тарбиялап, башкача өнөр үйрөтүү демилгесин көтөрүп жатат. Аны “культура мира” деп коюптур. Чогулушунда мен сүйлөп , демилгени колдодум да “культура миролюбия” – “тынчтыкты сүйүү маданияты” деп, тактап сунуш кылдым.”Культура мира” болгондо дүйнөсү да, тынчтыгы да аралашып калат.(Жөтөлүп). Адамды жакшылыкка үйрөтүш кыйын. Жамандыка үйрөтүш опоңой. Азыр көчөгө чык, жамандыкты иштегендер толуп жатат. А жакшылыкка үндөш ,үйрөтүш, ынандырыш керек. Ага дин жагы да,маданият жагы дагы аракеттенип, умтулуп  келетат нечен-нечен миң жылдардан бери. Бир күнү эле ошону тыйып койсоң, адамдын ичиндеги бекинип, ырылдап отурган  айбан үстөмдүк кылат экен.  (Жумшак күлүп).Адам баласы очередде да бирин-бири түртөт “мен биринчи болом”деп.

  -Ошол эле сөзүңүздө “гуманистик цивилизация” деген жаңы түшүнүктү колдонупсуз.Цивилизациянын өзү гумандуулук эмеспи?

-Цивилизация деген бул өнөр, технология, илим-билим. Аны терс нерсеге колдонсо да  болот. Укмуштуу подводный лодка менен барып, бир материктин астына бомба коюп, талкалап салуу мүмкүн.

Цивилизацияга руханий табихат керек гуманистикке жеткире турган. Мындан мурда да канча цивилизациялар жашады. Бир цивилизация келип, экенчисин талкалап, ордун ээледи. Байыркы грек цивилизациясын рим цивилизациясы сүрүп чыкты. Аны Византия цивилизациясы ээледи .Византиядан орунду түрк цивилизациясы тартып алды. Гуманисттик цивилизациянын эң алдыңкы приоритети адам баласына маданияттын жарык нурун берет.

  -Сиз айткан эки идея аркылуу ЮНЕСКО Рим папалыгындай абырой күтө алабы?

-Мүмкүн, мүмкүн.

  -Бул менин өзүм дей турган каарманыңыз барбы?

-Антип түз айта албайм. Баардыгы чогултулган , идеяларыма туура келген нерселер. Синтетический.

-Окурмандар эмнеликтен “Согуш жана тынчтыкка” эмес , детективдерге кызыгат? Ал жер жүзүн өрттөй каптап барат го. Өзүңүз детектив окуган учуруңуз барбы?

-Адам баласынын эң күчтүү рефлекси эмнеде? Коркунуч да, өзүн өзү сактоодо. Биринчиден өлүм коркунучу бийлейт кишини. Детективде бирөөнү өлтүрүп кетет. Ким өлтүрдү? Эмне үчүн өлтүрдү? Кандай амал менен? Ошону билүүгө ар ким кызыгат. Эмне үчүн? Анткени, өзү ошондой абалга туш болушу мүмкүн. Экинчиден, ошентип бирин бири өлтүрүп, сүрүшүп, куушуп жүрсө, а бул өзү жакшынакай үйүндө тыптынч , коркунуч башында жок, тигилердин коркунучуна кызыгуу туудуруп окутат. Детективдин технологиясы ошол. Андыктан эч убакта токтой турган нерсе эмес.

Кече жакында кызыктуу бир окуя болду.”Литературная газетага” Аркадий Ваксберг экөөбүздүн маегибиз басылды. Мен анын эмнеликтен майдараак тамга менен берилгенин сурап калдым. Жанындагы хроника чоң-чоң тамгалар менен басылыптыр. ”Түшүнсөң, эгерде сен бала кезиңде бирөөнү бычактап, чоңойгондо бирөөнү муунтканыңды сүйлөп берсең, анда гезиттин биринчи бетине килтейген тамгалар менен берет элек. Анткени,окурман ошону окуусу келет. Экөөбүздүкү философия” , – дейт. (Күлө). Мен дагы Ваксбергдики чынбы деп калдым. Азыркы гезиттер ошондой болуп кетти, адам баласынын күндөлүк инстинкти , рефлекстерин пайдаланат. Кеңири таркаса, кирешеси болот. Баары эле айланып келип, базардын оокаты. Эми эмне кыласың. Адам ушундай жаралган экен, турган турушунун бардыгы карама-каршылык. Бир жагынан жакшылыка үндөп, терең маданияттуу бол деп турсаң, бир жагынан жамандык азгырат.

Ал эми детективди бала кезимде окугам. Азыр окугум келет, убакытым жок. Анан азыр анын баары (Колдорун кыштарды жыйнап жаткандай жаңсап)бышкан кирпичтей болуп калды.

  -Детективдин биздин учурдагы  чыгааны ыраматылык Жордж Сименон повестерин 800 сөз гана жазарын айткан…

-Детективге сөз байлыгынын анчалык зарылчылыгы жок чыгар. А чыныгы көркөм чыгарма өтө керек.

-Чыгармаларыңыз кол жазма кезинде эле англис, немис , жапан жана башка тилдерге которула баштайт. Андыктан которууга ылайыктайсызбы?

-Андай атайын койгон максат жок.Өзүнүн табигый агымы менен кетет.

Даярдаган Назаркул кызы Назик

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.