Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 16-декабрынан 19-декабрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

16-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-19-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -25…-30°, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.