Чолпон-Ата шаарында жеке ишкер Мирлан Исагалиев тарабынан 5 орундуу гемодиализ борбору курулуп, ишке берилди.  Ачылыш аземине ЖКнын депутаты Бакыт Турусбеков жана жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Мирлан Исагалиевге “Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу” деген наамы ыйгарылды.

Абдыразак ажы: “Бүгүнкү күндө бөйрөгүнөн жабыркаган биртуугандарыбыз үчүн ачылган борбордун ачылышы өтө керек эле. Анткени борборго барып даарылануу көп кыйынчылык жаратып келген. Мирлан биртууганыбыздын аракетине жалпы эл ыраазы,”-деди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.