Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Чоң-Капка автожолу” контролдук-өткөрмө пунктунан 47,2 млн сом суммасында 2 даана генератор үчүн системаны (СТС-РЭМ) алып келе жаткан 2 машинаны кармашты. Импорттоочуларда коштомо кагаз жана товарды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы маалымдады

Ошол эле өткөрмө пунктунан 120 кубметр жыгач материалдарын ташып кирүү учуру аныкталып, текшерүү учурунда иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр менен эсеп-фактурадагы маалыматтардын дал келбегендиги  белгилүү болду. “Ак-Тилек автожолу” контролдук-өткөрмө пунктунан салык органынын каттоо жөнүндө мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 80 миң суу түтүктөрүн алып келе жаткан авто унаалар кармалган.

Бул боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз