Өткөн жума президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке кол койду. Ага ылайык эми мамлекеттик кызматта иштеген аткаминерлердин жакын туугандары, үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик сатып алуулар сынагына катыша алышпайт. Коррупциялык схемаларга бөгөт коюу максатында ишке ашып жаткан мыйзам канчалык деңгээлде өзүн актайт аны убакыт көргөзөөр, бирок айрым талдоочулар амалдуу аткаминерлерден айла качып кутулбайт деген ойду карманышууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.