Милиция кыздын ким экенин аныктоо үчүн элден жардам сурады.

7-августта саат 18.00дөр чамасында Чоң Чүй каналынын Орозбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен азиат түспөлүндөгү кыздын сөөгү табылды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, азырынча кыздын ким экени аныкталып, туугандары табыла элек. Кыз болжол менен 20-25 жашта.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык чырай, чачы сары, бети тоголок. Бозомтук түстөгү футболка, кара джинсы, ак спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Милиция кыз тууралуу билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: (0552) 10-27-43, (0553) 10-23-87, (0703) 22-26-22, (0702) 49-88-88, (0772) 84-73-36, 102.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз