Чүй облусуна караштуу Москва райондук сотунун мурунку төрагасы Марлес Феликс Кыргызстандан качып кетти. Бул маалыматты УКМК тастыктап, ага издөө жарыяланганын билдирди.

Феликс Марлес пара берүүгө айыпталып, өткөн жылдын күз айында кызматынан четтетилген. Соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссия аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу макулдугун берген. Бирок тергөө иштеринин жыйынтыгында айыпкер өлкөдө эместиги аныкталган.

4-майда Биринчи май райондук сотунун судьясы шектүүнү сыртынан камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз