Быйыл Кыргызстандан чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардан билим алууга 165 студент кабыл алынган.
Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.
Министрдин айтымында чет өлкөгө окууга сынактар ачык жүргүзүлгөндүктөн эч бир ата энеден арыз даттануулар болгон жок.
Бул жолу 70 студент Кытайга, 10 студент Белоруссияга, 75 студент Венгрияга, 5 студент Латвияга, 5 студент Казахстанага барып билим алышмакчы.
Кыргызстандыктардын аталган өлкөлөрдөн билим алуусу өкмөттөр аралык келишимдин негизинде ишке ашырылууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.