Президент С. Жапаровдун 2010-жылдагы каргашалуу Ош окуясын кайрадан иликтөө тапшырмасы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Адегенде эле 2010-жылы 7-апрелде сексендей бейкүнөө бей-бечаранын кан азабы менен бийликке келген Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү чөкөтаандай чурулдашып, актанышып, айрымдары “жатып өлгөнчө атып өл” ыкмасына өтүшүп, жаңыдан чечилип жаткан кыргыз-өзбек чек ара маселесин көтөрө чуркашып, “бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбейт” деп чыгышты. Албетте, алардын  мындай “коргонуунун эң жакшы ыкмасы – чабуулга өтүү” деген аракеттерин түшүнсө болот.

Президент С. Жапаров Ош окуясын кайра кароону бекеринен көтөрбөгөнү анык. Мында чоң сыр катылып жатат. Анын үстүнө каргашалуу  Ош окуясы карапайым элдин каалоосу менен эмес, бир ууч саясатчылардын, сепаратисттердин айынан келип чыккан. Ошол кезде Убактылуу Өкмөттүн бул багытта жүргүзгөн иш-аракеттерине толук, ачык-айкын баа берилбей, чыныгы күнөөлүүлөр аныкталбай, “жабылуу аяк жабылуу бойдон калган”. Болбосо С. Жапаровго эски жараны кайра козгоонун кандай кажети бар эле?! Муну Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жакшы түшүнүшкөндүктөн түн уйкулары качып жатат. Анын үстүнө бул маселе бүгүн эле көтөрүлүп жаткан жери жок.

2016-жылы 31-августтагы Эгемендүүлүк күнүнө арналган  майрамдык салтанатта  мурдагы президент А. Атамбаев агынан жарылып: “2010 –жылкы апрель ыңкылабынан кийин бийлик башына келген  Убактылуу Өкмөттүн айрым  мүчөлөрү мародерчулук,  банк ячейкаларына кол салганы, мыйзамсыз байыгандары жана  Кадыржан Батыров  башында турган сепаратисттер менен болгон тыгыз байланышы үчүн жооп берүүлөрү керек”, – деп ичине каткан ачуу чындыгын айтып салган. Ошол учурда күч-кубатына толуп турган ажо мындай сөздү жөн жерден айтпаса керек. А. Атамбаевде  Убактылуу Өкмөттүн айрым  мүчөлөрүнүн саткынчылыгы тууралуу толук маалымат болгонун айгиленейт. Ачуусуна алдырган Атамбаев: “Силерди билем, кандай былык иштерди жасаганыңарды, тарых силерди жазалайт”, – деп тишин кайраганда экс-президент Роза Отунбаева трибунадан түшө качканына элдин баары күбө болгон. Андыктан каргашалуу Ош окуясы толук, адилеттүү иликтенбеген болсо, иликтениши, күнөөлүүлөр жазасын алышы зарыл. Анткени бул каргашада беш жүздөй бейкүнөө адам көз жумган. Алардын ата -энелери, балдары, тууган-уруктары  дале болсо адилетүүлүктөн үмүт кылып келишет.

Экинчи маселе, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жетишилген келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы канчалык корголду, муну эксперттер жакшылап иликтеп чыгышаар. Бирок бир урунттуу маселе – өткөн кылымдын 40-жылдарынан баштап Кыргызстандын аймагында курулган суу сактагычтар (Кемпир-Абад, Орто-Токой, Керкидан) Совет доорунда да, андан кийин да эч качан Кыргызстан үчүн кызмат кылбаган. Суу сактагычтарды куруу максаты да Өзбекстандын эгин талааларын суу менен камсыз кылуу болгон. Суу сактагычтар Кыргызстан эгемендүүлүк алган акыркы 30 жыл ичинде да ошол эле кызматты аткарып келет. Мындан ары да аткара бермек. Өзбекстан эч качан бул суу сактагычтардан баш тартпайт.  Демек, бул маселеде бир чечимге келүү керек. Кыргызстанга кызмат кылбаган бул суу сактагычтарды биротоло жоюп (агызып) салуу керек же эки өлкө ортосунда суу ресурстарын биргеликте пайдалануунун башка механизимдерин иштеп чыгуу зарыл. Азыркы “жумурткадан кыр издеген” кызыл тилдүү саясатчылар муну мыкты түшүнүшөт, бирок өздөрү жогорку кызматтарда иштеп турушканда өзбек президенти И. Каримовдун каарынан коркушуп, ооздоруна талкан салып алышкан.

Эми минтип чек ара маселесин чечүүгө кадам таштаганда “эски патефондорун” ырдатып киришти. Ташиевге чабуул жасалып жаткандыгы абдан көрпенделик. Андан көрө алар ушул чек ара маселесин чечүүгө жардам беришсе кандай жакшы болмок!

Үчүнчү маселе, азыр кыргыз-тажик чек арасы кызуу талкууланып жаткан учур. Айрым козуткуч саясатчылар “Кыргызстандан кийин Тажикстан да аскердик машыгуу баштады, эми эки өлкөнүн ортосунда согуш болобу?” дегендей ойлорун айтып, элдин үрөйүн учурууда. Аскердик машыгуулар ар дайым эле согушту көздөбөйт.

Байыркы Римдин атактуу мамлекеттик ишмери, полководец Гай Ю́лий  Цезардын  “тынчтыкты кааласаң согушка даярдан” («хочешь мира, готовься к войне») деп таамай айтканындай, аскердик машыгуулар өлкөнүн тынчтыгын, эгемендүүлүгүн, коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүлөт. Анткени өлкө сырткы коркунучка аскерий жактан даяр болбосо, мунун кесепети өтө оор болот. Камырабастыктын кесепетин 1998-2000-жылдар аралыгындагы “Баткен коогалаңында” жон терибиз менен сездик. “Бизге аскердин кереги жок” деп кооз сүйлөп келген ошол кездеги президент А. Акаев ошол учурда алапайын таппай калган. Ошол кезде мен Коргоо министрлигинин «Ыйык Милдет» гезитинин редактору элем. Андыктан “Баткен окуясынын” чоо-жайын сыртынан эмес, ичинен билем десем да болот. Ал учурдагы биздин аскерлердин күжүрмөн даярдыгынын өтө начардыгы чоң жоготууларга алып келген. Анын үстүнө А. Акаевдин коогалаң (согуш) учурундагы көлөкөсүнөн корккон саясаты биздин аскерлерди артка чегинүүгө, террористтерге каршы чабуулга өтпөй, коргонуу позициясында турууга аргасыз кылган.  Бул башыбыздан өткөн сабак. Андыктан ар кандай ички жана сырткы коркунучка даяр турушубуз керек.

Жыйынтыктап айтканда, чек ара маселеси жеке эле биздин көз карашыбыз менен чечилбейт. Ошондуктан “чек араны талкуулоо – согушту талкуулоо” (обсуждение границы – обсуждение войны…) деп бекер айтылбайт. Кыргыз элине, мамлекетине күйгөн бардык жарандар коңшу мамлекеттер менен болгон чек араларыбызды тынчтык жолу менен чечүүгө өз салымын кошууга тийиш.

Сакы Садыков, журналист

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.