Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунан мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн Казакстан Республикасынын 3 жараны кармалышты.  Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Казакстандын жарандары Кыргызстан өткөрмө пунктунан сырткары  аймагынан өтүүгө аракет кылышкан. Кармалган адамдар УКМК органдарына сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз