Орусиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 448 кыргыз жараны Кыргызстанга келе жатышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алар кыргыз өкмөтү камсыздаган 9 автобус менен жолго чыгышкан.

Кыргызстандын жарандарын алып чыгып кетүү максатында Казакстандын аймагында транзиттик коридор уюштуруп берүү – Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаевдин ортосунда жетишилген макулдашуулардын артынан мүмкүн болгон.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.