Кыргызстандын күч түзүмдөрү Ак-Сайдагы чек арада жергиликтүү элге карата көздөн жаш агызчу куралдарды, жардыргыч заттарды колдонгон. Бул туурасында жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалым болгондой, чек арачылардын  Исфара-Ворух жолун ачуусуна эл каршы чыгып, ушундай окуя болуп кеткен. Андан бир топ жергиликтүү тургун ар кандай жаракаттарды алды.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупованын айтымында, аталган айылдын тургундары милицияга карата атырылгандан улам, милиция элди таркатуу максатында үн чыгаруучу жардыргыч заттарды колдонгон.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз