Баткен районундагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Боз аймагында Коргоо министрлигинин сапёрлору жарылбай калган снаряддарды таап, аларды зыянсыздандырууну баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады. Орган мындан улам жергиликтүү тургундарды эгер жарылуунун үнү угулса чочулап, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Чек ара кызматы 4-май, 09.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин жана түндө кандайдыр бир окуялар катталбаганын билдирди. Чек арачылар, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Жүздөн ашык турак жай талкаланып, өрттөлдү.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.