“Ак-Тилек” контролдук-өткөрмө пунктунан 397 миң сом суммасында оюнчуктар, 3,4 млн. сомдук килем буюмдарын, 1,2 млн. сомдук кондитер азыктарын, 4,3 млн. сомдук газбетон буюмдарын өндүрүү үчүн автоматташтырылган линияны алып бара жаткан унаалар кармалган. МСКнын басма-сөз кызматынын билдиргенине караганда, мыйзам бузууларды Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек арасында жайгашкан текшерип-өткөрмө жайына жакын жерден кармашкан.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон. Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.