Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Кыргызстандын Министрлер кабинети жолугушуу 25-30-октябрь күндөрү “достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында” өткөнүн кабарлады.

Кезектеги жыйын эми Кыргызстанда болот жана анын датасы азырынча белгисиз.

Эки өлкөнүн топографиялык топтору буга чейин 5-9-октябрда Баткендин Исфана шаарында жолугушкан жана анда эки тараптуу протоколго кол коюлганы маалымдалган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.