Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы атышта курман болгон “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов боюнча маалымат таратты.

Ал маалыматтарга караганда, Муминов чек арадагы жаңжалда кызматтык милдетин аткарып жатканда тажик тараптан атылган октон улам курман болгон.  Ал  1978-жылы Ташкентте төрөлгөн. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Чек ара кызматы курман болгон жоокердин туугандарына көңөл айтат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.