Баткендеги куралдуу кол салуудан набыт болгондордун саны 35ке жетти. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, Максат айылынын 54 жаштагы жашоочусу набыт болду.

Ал эми жалпы 183 адам жабыркады. Учурда ооруканаларда 99 адам дарыланууда.

“Анын ичинен Бишкектеги Ортопедиялык жана травматологиялык илимий-изилдөө борборунда 35 адам, Улуттук госпиталда 12, Улуттук хирургия борборунда 9, Баткен аймактык ооруканасында 11, Кызыл-Кыядагы ооруканада 1, Лейлекте 13, Самаркандектеги медициналык борбордо 2, Кадамжайда 16 бейтап дарыланып жатат. Бишкекте дарыланып жаткандардын ичинен бирөөнүн абалы өтө оор, үчөөнүкү оор”, — деди Солтонбекова.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.