Баткен жана Лейлек районундагы чек арадагы чырдан улам каза тапкан кыргыз жарандарынын саны саат 17:00гө карата 31ге жетти. Бул тууралуу Баткен облустук саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлү билдирди.

Ал эми 154 жаран жараат алган.

Жаракат алган 43 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке алынып келинип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургиялык борборго жаткырылды.

Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандары орто жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.