Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай Улуттук «Кытай Алтыны» алтын кен иштетүүчү корпорациясынын башкы директорунун орун басары Цзян Лян-Ю менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый: “Абылгазиев Өкмөт инвестицияларды коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурат. Кыргызстанда мыйзамга ылайык жана бардык экологиялык ченемдер менен талаптарды сактап иштөөгө ниеттенген инвесторлорду ар дайым колдойт. Кытай Эл Республикасы биздин стратегиялык өнөктөш, жакын коңшу жана досубуз болуп саналат, кыргыз-кытай кызматташтыгы өтө жогорку деңгээлде турат», – деди.

Өз кезегинде Цзян Лянь-Ю учурда үстүбүздөгү жылдын декабрында «Кичи-Чаарат» ЖАК байытуучу фабрикасын ийгиликтүү ишке киргизүүгө даярдоо боюнча бардык иштер аяктаганын маалымдап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аракеттешүүсү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал Премьер-министрге компаниянын экономиканын башка секторлоруна инвестиция салуу боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, инвестициялар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча аткарылган иштердин арты менен Кыргызстанда жаңы өндүрүштүк объектилер ачылууда жана бир катар маанилүү инвестициялык долбоорлор жүзөгө ашырылууда, бул аймактардын жана жалпы экономиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.

Маалымдама: Куру-Тегерек кенин иштетүүгө 10,5 млрд сом инвестицияланган, 500гө жакын жумуш орундары түзүлгөн. Байытуучу фабриканы ишке киргизген соң компания инвестицияларды жана жумуш орундарынын көлөмүн көбөйтүүнү мындан ары да улантууга ниеттенүүдө.