Ушул тапта Улуттук коопсуздук боюунча мамилекеттик комитети соцтармактардагы ар кайсыл мүнөздөгү чагымчыл билдирүүлөр менен сүйлөшүүлөрдү атайын экспертизадан өткөрүүгө жөнөткөндүгү белгилүү болду.
Тактап айтсак эртеңки президенттик шайлоодон кийин айрым чагымчыл күчтөр бийликти күч менен басып алуу аракетине үндөгөн сыяктуу бир нече сүйлөшүүлөр соцтармактарда жайылтылууда.
Кечээ Ички иштер министрлиги да буга байланыштуу атайын билдирүү таратып элди чагымчыл аракеттерге көңүл бурбоого чакырып, ага тийешеси барлар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаарын эскерткен.
Шайлоонун эртеси элди удургутуп, баш аламандык уюуштурууга аракет кылгандарды өлкөбүздүн туруктуулугун, өсүп өнүшүн каалабагандар деп айтууга болот.
Анткени алар шайлоодон жеңилишин алдын ала эле сезип билишип, айласы кетип жатышат.
Көпчүлүктүн тандоосу белгилүү болуп калды да.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.