Чүй облустук төрөт үйүндө орун жетишпегендигинен улам кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар полдо жатышат. Бул туурасында Анара Акматбекова аттуу колдонуучу фейсбук баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, шаардагы №4 төрөт үйү оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу жабылган.  Ошондуктан көпчүлүк кош бойлуу айымдарды Чүй облустук төрөт үйүнө жөнөтүп, орундар толуп калган. Айласы кеткен дарыгерлер полго жер төшөк салып, кабыл алууга аргасыз.

Жарыяланган сүрөттөрдөн жаңы көз жарган айымдардын көпчүлүгү полдо жатканын көрүүгө болот.

 

SOS! SOS! SOS! Как вы думаете где это? Это Чуйский роддом! Я в шоке от увиденного? палаты все переполнены ! Роженицы…

Опубликовано Анара Акматбекова Четверг, 19 сентября 2019 г.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.