2018-жылдын 14-апрель күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандагы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Москва РИИБнин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, болжол менен 35-40 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Денеге кароо жүргүзүү учурунда анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталып, ал Беловодск айылынын 36 жаштагы Х.А. аттуу жашоочусу экендиги такталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү катары каза болгон жарандын 31 жаштагы Х.Л. аттуу жубайы кармалган. Териштирүү учурунда экөөнүн ортосундагы чыр-чатак кызганычтан улам чыкканы маалым болгон. Бул окуя боюнча Москва РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз