Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Чүй мектеп-интернатынын тарбиялануучуларын чет өлкөлүктөргө мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш ишин козгоду. Белгилей кетсек, башкы көзөмөл органы УКМК менен биргеликте билим берүү мекемесине текшерүү жүргүзгөн. 

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Ушул жылдын 6-январында уруксат берүүчү документтерсиз эле аталган мектеп-интернатынын тарбиялануучулары А.Т. (2009-жылкы) менен В.Т. (2007-жылкы) чет өлкөлүк жарандарга берилген. Ден соолугуна жана психикалык акыбалына кооптуулук жаралуу тобокелчилигине карабастан балдар тийиштүү кызматтардын кызматкерлерисиз чет өлкөлүк жарандар менен Бишкектеги мейманканалардын биринде үч күн чогуу болушкна. Балдарды багып алууга ниеттенген жарандар кыргызстандыктар болгонуна карабастан чет өлкөлүктөргө берилген. 

 Мындан улам балдарды багып алууга ниеттенгендер Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышып, бул маалымат каражаттарына чыгып, коомчулукка кеңири тараган. Эрезеге жете электердин укугун коргоо жана сактоо көзөмөл кылуу кызматтарынын милдетине киргендиктен, Башкы прокуратура аталган жетим балдардын укугун калыбына келтирүүгө бардык чараларды көргөн. 

Жыйынтыгында Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин кылмыш белгилерине карай кылмыш иши козголду. 

Булак: NewTV

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.