Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна “Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Аталган чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынганы айтылат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.