Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров 3 баласы түтүнгө ууланган үй-бүлөдөн кабар алып, аларга “Инсандык жардам” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан материалдык жардам көрсөтүлө турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кайрымдуулук фонду тарабынан үй-бүлөгө 8 ай убакыт аралыгында 25 миң сом ай сайын акчалай колдоо көрсөтүлүп турат.

Таштанбековдор жакында төртүнчү ирет да балалуу болушкан..

“Балдарымдын экөөсү өрттүн айынан көбүрөөк жабыркаган. Биз өз убагында тиешелүү дарылануудан өттүк. Азыр ден-соолуктары жакшы. Врачтар бир жылга чейин балдарга дайыма сүт азыктарын берүүнү сунушташкан”, – дейт балдардын атасы Рустам.

Эске салсак, Бишкектин четинде жайгашкан “Келечек” конушунда 11-февраль күнү батир өрттөнүп, анын кесепетинен үч бала иске ууланган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз